Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:10

Энергетика министрлиги электр энергиясын колдонуу эң жогорку чекке жеткенин билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Энергетика министрлиги 22-июлда электр энергиясын керектөөнүн бир күндүк көрсөткүчү 44 миллион 124 миң киловатт саатка жеткенин, бул жай айындагы эң жогорку чек, рекорд экенин билдирди. Мындан улам жарандарды сарамжал болууга чакырды.

“Салыштыруу үчүн айтсак, 2024-жылдын 22-июлунда бул көрсөткүч 36 миллион кВт.с тегерегинде болгон. Керектөөнүн өсүшүнө күн ысыкта кондиционерлердин жана муздаткычтардын көп колдонулушу, электр энергиясын керектөөчүлөрдүн саны жыл сайын орточо 30 миң абонентке көбөйүп жатканы, жаңы көп кабаттуу үйлөрдүн жана өнөр жай объекттеринин пайдаланууга берилиши себеп болууда. Жарандарды электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырабыз”,-деп жазылган маалыматта.

Апрелде Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев электр энергиясынын баасын көтөрүү каралган токтомго кол койгон.

Ага ылайык, 1-майдан баштап Кыргызстанда электр энергиясынын баасы 26 тыйынга кымбаттап, 1 кВт саат электр энергиясынын наркы 1 сом 37 тыйынга чыккан. Ал эми 700 кВт сааттан ашкандан кийин мурда 2,39 сомдон эсептелсе, эми 2,60 сомго жогорулаган.

Ал эми электр жарыгын өнөр жай үчүн колдонгондор ага чейин 1 кВт саат электр энергиясына 3 сом 18 тыйындан төлөп келсе, 1-майдан тарта 3 сом 49 тыйын болуп көтөрүлгөн.

Расмий маалыматка ылайык, 2025-жылдын январына карата Кыргызстанда 1 млн 585 миң абонент бар. Анын ичинде 1 млн 472 миң 837 катардагы абонент 7,79 млрд кВт саат электр жарыгын колдонот. 6,47 млрд кВт саат электр энергиясын өнөр жай ишканалары пайдаланат.

Кыргызстан жыл сайын 17,5 млрд кВт саат электр энергиясын колдонот деп эсептелсе, анын 14,8 миллиарды гана өлкөдө өндүрүлөт. Калган айырманы импорттун эсебинен жабууга туура келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG