«Азаттык» Украинада уруш башталгандан көп өтпөй Кыргызстанда жана Казакстанда ачылган компаниялар Орусияга Батышта чыгарылган, санкцияга кабылган электроника товарларын жөнөтүп жатканын аныктап чыкты.
Орусиянын ички иштер министри «пайдасыз мигранттарды» өлкөдөн чыгарууну сунуш кылган. Мамлекеттик дума жергиликтүү органдарды келгиндердин балдары тууралуу маалыматты Ички иштер министрлигине берип турууга милдеттендирген мыйзам долбоорун караганы жатат.